Нуржигит Кадырбековдун "Кыздар, балдар менен сүйлөшпөгүлө" деп айтып, талкууга алынган видеосу боюнча айтты

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу экс-министр Нуржигит Кадырбеков болду.

Анда ага "Жакында эле "кыздар, балдар менен сүйлөшпөгүлө" деп айтканыңызды кесип алып, ал катуу талкууга алынды. Негизи эле коомчулукка бул нерсе болбойт, бул болот деп айткандын канчалык жоопкерчилиги бар?" деген суроо берилди.

"Жоопкерчилиги абдан чоң. Сөзгө жооп бериш абдан маанилүү. Мен деле айтып жатканда абдан ойлоном жана эч нерсени таңуулабайм. Болгону кыздардын көз жаштары агып жатпайбы. Мен барган жерлерде көп кыздар алданып калгам деген сырларын айтышат. "Сүйөм деди эле, гүл берсе ишенип алыптырмын. Анан минтип кетти, тигинтип кетти" дегендер көп.

Бул видео студенттер менен жолугушуудан алынган экен. Мен дагы деле ал оюмдан кайтпайм. Бирөөнүн кызына кыянат кылбагыла деген эле ой айтылган", - деди Кадырбеков.

Нуржигит Кадырбеков: "Менден сурабай министр кылып коюп, кайра сурабай кызматтан алышты"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Agayu
2021-09-23 21:10:39
Бизде болот , болбойт , өлүм, кыямат күн болду башка проблема жок бизде .Жашоо шикарно ! Колундан эч нерсе келбесе молдо бол деген түшүнүк калыптанып калды .Биз Аллахты эмес , молдону сүйүп калдык, фанат болуп.Өзбек Казактар кыйла алдыга кетти башка понята боюнча .Алардын үчтөн бири психологдор , мотиваторлор , Филосовдор , реалдуу караган активисттер, Современный ойлонгон блогерлер көбөйдү. Биздечи ? Мындай кетсек бири бирибизди күнөөлөп коюп ОЛТУРА беребиз өмүр өткүчө
-9
meni_kut
2021-09-23 21:38:27
Agayu,Казахстанда Семейде жашап келдим, иштеп.Кыргызымдан айланайын дейсин.Энени такыр сыйлашпайт.Ажылдашат ай кыздар,улууга урмат деген такыр жок.Кайната мн тастандап согушкудай болушат...Жакшылары да бар экен, бирок жаманы коп.
+3
KG-312
2021-09-24 00:18:05
meni_kut,Ошон үчүн үй-бүлө, кайн журт тууралуу кыска видеолорду көп тартышат экенда казкеңдер!
-2
Nina.alex
2021-09-23 22:16:55
Самара жорунсуз жорук жасап атканда бир ун катпай койгондон кийин эч бир урматтоо жок ушул адамга
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-09-24 14:29:39
Nina.alex,сенин урматыңа деле зар эмес.
0
Birimdik5555
2021-09-23 23:26:34
Туура эле айтат суйлошпой эле койгон жакшы, бара турган жерине аппак, таптаза болуп барганга эмне жетсин
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан