Депутат Марлен Маматалиев кийинки парламенттик шайлоого жаштардын курамынан турган партия менен бара турганын айтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталынын #Галстуктар долбоорунун алкагында билдирди.
"Парламенттик шайлоо алдында 9-10 депутат болуп шайлоого чогуу баралы деп сүйлөшкөнбүз. Эл дагы жаштар келсин деп жатат. Шайлоо жакындаганда ынтымагыбыз келишпей калып, башка партияларга чачырап кеттик. Иш аягына чыкпай калган. Эми кайрадан ошол курам менен кийинки шайлоого аттанууну чечтик. Азырынча партиянын атын, курамын айта албайм. Бул тууралуу февраль айында жарыялайбыз", - деди ал.