"3 партиядан сунуш түшүп жатат". Жаныбек Абиров шаардык кеңешке шайлоого аттана турганын айтты

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров шаардык кеңешке шайлоого аттана турганын айтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун алкагында билдирди.

"2016-жылы шаардык кеңешке өттүм. 45 депутат өзүнүн шайлоо участогундагы эл менен чогуу иштерди жасаса депутаттарга өзгөчө мамиле болмок. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары саясатчылар эмес, алар чарбачылар. Бул чарбачыл иш.

Азыр кайсы партия менен шайлоого барарым белгисиз, сүйлөшүү болуп жатат. Биз бир партия менен шайлоого аттанышыбыз керек. Бир партиядан экинчи партияга кирсең саткын деп ойлоп калышат экен. Мен бир дагы партияны жакшы көрөм деп айта албайм. Азыр таза, жакшы командадан куралган партия жок. Учурда 3 партиядан сунуш түшүп жатат", - деди ал.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы: "Жаш жетекчилерди улуу ага, эжелер тоготпой коёт"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан