Кыргыз делегациясы Түрк парламенттик ассамблеясынын пленардык жыйынына катышат

27-сентябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын мааракелик Х пленардык жыйыны Казакстандын Түркстан шаарында башталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Түрк дүйнөсүнүн Руханий борбору саналган калаада башталган жыйын Казакстан парламентинин Мажилисинин жетекчилиги астында уюштурулууда.

“Түрк парламенттер аралык кызматташтыктын перспективалары” аталышында өтүп жаткан иш-чарага ассамблеяга мүчө өлкөлөр Азербайжандын, Казакстандын, Кыргыз мамлекети менен Түркиянын парламенттик делегациялары, ошондой эле конок катары Өзбекстан жана байкоочу катары Венгрия мамлекеттеринин парламенттик өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Андан тышкары Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмдарынын, байкоочу уюмдардын жана башка институттардын башчылары жана өкүлдөрү да чакырылган.
Иш-чаранын жүрүшүндө Туруктуу комиссиялардын документтери, укуктук документтер жана жаңы моделдик мыйзамдар талкууланат. Жыйында кийинки отурумдун күнү жана орду аныкталып, отурум Түркстан декларациясын кабыл алуу менен аяктайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан