Бүгүн, 28-сентябрда Бишкектин Кулиев көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан тамактануучу жайдан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен учурда өрт чектөөгө алынганын кабарлайт.
"Империя Пиццы" тамактануучу жайынан чыккан өрт саат 14:40та чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.
Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.