Ошто 22 жаштагы кыз киши өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тарабынан маалым болду.
Мекемеден билдиришкендей, окуя 28-сентябрга караган түнү болгон. Анда саат 02:55те Ош ШИИБине Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан кабар келип түшкөн.
"Кенч" кафесинин алдындагы аянтта кебетеси азиялык болгон 35-40 жаш чамасындагы Мирбек аттуу киши сол бутунан жаракат алып, ооруканага кайрылган. Ыкчам тергөө тобу ооруканага барган кезде жабырлануучу каза болуп калгандыгы аныкталган. Ал эми окуя болгон кафенин алдындагы аянтта кандын тактары бар экендиги аныкталган. Маркумдун ак түстүү футболкасы, көк түстүү жынсы жана ак түстөгү крассовкиси далил катары алынды.
Каза болгон жарандын жансыз денесине соттук-медициналык эксперттин катышуусундагы сырттан кароо жүргүзүлүп, сол санында кесилген жаракаты аныкталып, анын каза болуусунун себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды".
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, каза болгон жарандын жанында жүргөн досу жана окуяга күбө болгон жарандар суракка алынды. Белгилүү болгондой, 28-сентябрь күнү саат 02:50дө маркум кафеде С.Р. жана Р.А. аттуу кыздар менен отуруп, өз ара сөз талашып уруша кетишип, кафеден сыртка чыгышкан. С.Р. мас абалда Ш.М.нын бутуна колундагы бүктөмө бычагы менен бир жолу сайып жибергени аныкталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган С.Р. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешти мекемеден.
Учурда бул факты боюнча окуянын жагдайларын толук, объективдүү жана ар тараптуу изилдөөгө жана далилдөөгө багытталган тергөө аракеттери жүрүп жатат.