Ош шаарынын түштүк тарабында жайгашкан мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдап, кара металл алган пункттарга өткөрүп жүргөн жаран кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүү 21 жашта.
"Ош шаарынын тургуну Т. уулу Н. шериги менен биргеликте ушул жылдын жаз айларынан тартып бир нече ирет мүрзөлөрдөн темир тосмолорду уурдап, такси менен кара металл алуучу пункттарга өткөрүп турган. Алган акчаларын өз кызыкчылыктарына пайдаланышкан. Учурда бул фактылар боюнча ар тараптуу иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн кылмыштуу шериктерин аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат. Темир кабыл алуучу пункттардын дагы жоопкерчилиги тергөө кызматы тарабынан каралууда", - дешти маалымат кызматынан.
Буга чейин Дария Лыгузова аттуу жаран шаардагы көрүстөндөрдө уурулук фактысы катталганын айтып, укук коргоочуларга арыз менен кайрылган.