ИИМ: "Активист Максат Касенов киши өлтүрүүгө аракет кылуу фактысына шектелип кармалды"

Активист Максат Касенов киши өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Социалдык тармактарда активист Максат Касеновду белгисиз адамдар кармап кеткендиги тууралуу маалымат чыккан. Буга карата ИИМ төмөнкүлөрдү билдирет.

"Максат Касенов Жазык кодексинин 39-130-беренеси "адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ал Бишкекке тергөө органдарына жеткирилген. Мындан тышкары, Каракол шаарындагы шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында “Сайга” жана башка куралдар табылып алынган.

Ошондой эле көрсөтүлгөн жарандын ушул сыяктуу башка кылмышка катыштыгы бардыгы аныкталууда. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда ыкчам-иликтөө жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан