Токтогулда Чычкан суусуна Honda Odyssey унаасы түшүп кетип, бир адам каза болду

Токтогул районундагы Чычкан суусуна Honda Odyssey унаасы түшүп кетип, бир аял каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында Honda Odyssey унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай Чычкан суусуна түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши (аты-жөнү такталууда) каза болуп, 1978-жылы туулган Б.А. аттуу аял киши жабыркаган. Жабыркаган жана каза болгондор "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген", - деп билдиришти ӨКМдан.

Жерине Токтогул райондук №97 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан