Саламаттыкты сактоо министрлигинин 27-июлдагы буйругунун негизинде Кыргыз-Түрк достук ооруканасы COVID-19 менен ооругандарды ооруканага жаткырууну убактылуу токтотту.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оорукана дезинфекция жана оңдоо иштери үчүн жабылган.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарында ооруп кайрылган бейтаптардын саны азайгандыктан, 7 стационар ишин токтоткону маалымдалган.