Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз-Кытай чек ара пункттарын мүмкүн болушунча узак мөөнөткө чейин ачпай турууну сунуштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
"Учурда чек ара жана өткөрмө пункттары жабык. Ал жөнүндө баарыбыз кабардарбыз. Чек ара 24-январдан 2-февралга чейин жабык болору маалым. Биз өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алып, ал мөөнөттү дагы узартуу жөнүндө сунуш киргизгенбиз. Мына ушул маанидеги маалыматты туура эмес түшүнүп алышыптыр. Негизи чек ара маселесин Каратаев эмес, өкмөт чечет да. Биз жөн гана өз сунуштарыбызды киргиздик", - дейт Каратаев.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз-Кытай чек ара пункттарын жабуу тууралуу сунуш киргизсе, Чек ара кызматы бардык өткөрмө пункттар жабык экенин айтышкан. Мындан улам коом арасында мамлекеттик эки түзүмдүн кайсынысына ишенебиз деген кайчы пикирлер жаралган.