Ош облусунда парламенттик шайлоону өткөрүүдө шайлоо комиссияларына жардам берүү боюнча республикалык штабдын көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйынды штабдын башчысы, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана штабдын тең төрайымы БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова алып барышты. Жыйынга аймактын куратору, БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев, облустун жетекчилиги, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Ош облусунун округдук шайлоо комиссияларынын төрагалары катышты.
Шайлдабекова Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жол-жобосунун өзгөчөлүктөрү, шайлоо процессинин негизги этаптары, БШК, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын шайлоодогу мыйзам бузууларга каршы өз ара аракеттенишинин маанилүүлүгү тууралуу маалымат берди.
"Мыйзам бузууларга жооп кайтарууда эффективдүүлүктү көрсөтүү зарыл, арыздарды жана даттанууларды кароо тез жана ачык жүргүзүлүүгө тийиш. Бул үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы бүткүл өлкө боюнча укук коргоо органдары үчүн окутууларды өткөрөт. Мыйзам бузуулар жөнүндө арыздарды кароодо эч кандай тандоого жол берилбеши керек. Ички иштер министрлиги республика боюнча ротация жүргүздү, бул дагы шайлоого катышуучуларга карата бир жактуулукту жана теңсиздикти жоюуга тийиш.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, албетте, булардан да шайлоонун кандай бүтөрү көз каранды болгон субъекттер. Ошондуктан шайлоонун бардык катышуучуларына бирдей мамиле кылууга өзгөчө көңүл буруу керек. Эгер биз муну азыр көрсөтө алсак, анда бул шайлоо процессиндеги бурулуш учур болот. Анткени 2015-жылдан бери добуш берүүнүн бардык жыйынтыктары так эсептелгендиктен, БШК бюллетендерди таштоо жана “карусель айлантуу” көйгөйүн чечти", - дейт ал.
Ошондой эле шайлоо процессинин башка катышуучулары үчүн да окутуулар уюштурулганын билдирди БШК төрайымы.