Шайлоо: "Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров дайынсыз. Ал акыркы жолу Москва-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен өткөн

"Ордо" саясий партиясынын лидери Мирбек Мияров дайынсыз болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын партиялашы Жанчар Сейитбеков билдирди.

"Мирбек Мияров кечээтен бери дайынсыз болуп жатат. Телефону өчүк. Ал акыркы жолу кечээ, 28-ноябрда саат 15:00 чамасында Абдрахманов-Москва көчөлөрүнүн кесилишинен унаасы менен өтүптүр. Ошондон бери кайда экени белгисиз. Аны тарапташтар, партиялаштары, туугандары издеп жатат", - деди Сейитбеков.

"Ордо" партиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкан. БШКнын акыркы маалыматы боюнча "Ордо" партиясы 0.45 пайыз добуш ала алды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tyttty1990
2021-11-29 12:20:51
Бухтан берип жатат да бир жерде. Шайлоого барам деп акча карызга батты
+2
Ak_Bulut
2021-11-29 20:01:37
Тааныбайт экем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан