"Ыйман Нуру" партиясынын тизмесинен бир талапкер чыгарылды. Бул тууралуу чечим бүгүн, 11-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, Асипа Мамырова тизмеден чыгарылды. Ал тизмеден чыгуу боюнча арызды өз каалоосу менен берген. Анын арызы БКШнын жыйынында канааттандырылган.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.