Бүгүн, 6-октябрга карата өлкөдө 80 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Штабдын тараткан маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери өлкөдө 178 миң 932 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган.
Бир суткада аныкталган бейтаптар катталган аймактар:
Бишкек - 40
Чүй облусу – 22
Ош облусу – 1
Талас облусу - 2
Нарын облусу - 1
Ысык-Көл облусу – 8
Жалал-Абад облусу – 5
Баткен облусу - 1.