Бүгүн, 23-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 58 миллион 563 миң 451 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 37 миллион 431 миң 88 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 386 миң 465 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 12 миллион 226 миң 643 болду. 256 миң 745 адам каза болсо, 4 миллион 529 миң 700 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 95 миң 806 адамдан аныкталды. 133 миң 227 адам каза болсо, 8 миллион 521 миң 617 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 71 миң 401 адам вируска кабылган. 169 миң 183 бейтап көз жумса, 5 миллион 457 миң 973 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.