
Техас университетинде эмгектенген окумуштуулар изилдөөлөрдү жүргүзүп, эпидемия жүрүп жаткан өлкөлөрдү салыштырган. Анда кургак учукка каршы (БЦЖ) вакцинациялоо программасы бар өлкөлөрдө коронавирус илдети менен ооругандардын саны салыштырмалуу аз экени аныкталган.
Окумуштуулар 178 өлкөнүн статистикаларын изилдеп, кургак учукка каршы вакцинациялоо программасы бар өлкөлөрдө ооруга чалдыккандардын саны программасы жок өлкөлөргө салыштырмалуу 10 эсе аз экени аныкталган.
"Биз изилдөө жүргүзүп жаткан мезгилде мындай айырмага туш болобуз деп ойлогон эмеспиз. Эгерде изилдөөлөр аягына чыгып, таап чыккан өзгөчөлүк далилденсе, кургак учукка каршы жасалуучу вакцина коронавирус менен күрөшүү үчүн эң негизги курал болуп калышы мүмкүн", - деп билдиришкен окумуштуулар.
Маалыматтарга караганда, кургак учукка каршы сайылуучу вакцина адамдын иммунитетинин жакшы иштешине шарт түзөт. Аталган вакцина Кыргыз өлкөсүндө да бала жаңы төрөлгөндөн кийин сайылат.