Казакстанда өткөн сынакта 350 студенттин ичинен жеңишке жетишкен Элдияр Асылбеков менен маек

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ветеринардык факультетинин 1-курсунун студенти Элдияр Асылбеков Казакстанда өткөн "Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты студенти - 2021" эл аралык сынагынын жеңүүчүсү болуп табылды. Аталган конкурс “Билим-оркениети” Улуттук инновациялык илимий изилдөө борбору тарабынан Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата уюштурулган. Ага 350 студент катышкан. Мындан сырткары Элдияр Асылбеков 2020-жылы "Кыргызстандын мыкты окуучусу-2020" номинациясын жеңип алган. Элдияр Асылбеков SUPER.KG порталына жетишкендиги тууралуу маек берди.

- Салам, Элдияр! Алгач өзүң тууралуу кыскача маалымат бере кетсең.

- Мен 2002-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Таш-Дөбө айылында туулгам. Беш бир туугандын улуусумун. 11-классты Таш-Дөбө айылындагы орто мектептен аяктагам. Учурда Кыргыз-түрк “Манас” университетинин ветеринардык факультетинин 1-курсунун студентимин.

- Эмне себептен бул кесипти тандап алган элеңиз?

- Мен бизнес жана башкаруу тармагында билим алууну самап жүргөм. Бирок мага журналистика бөлүмүнө тапшыр дегендер көп болду. Журналистикага ата-энем каршы болгондуктан жана өзүмдүн көңүлүм чаппагандыктан тапшырган жокмун. Кудайдын буйругу менен ветеринардык факультетке тапшырып калдым. Башында каалаган эмесмин, кийин өзүмө жагып калды. Бул талапка ылайык кесип деп ойлойм. Анткени кыргыздын жашоосу мал жандыктары менен байланышкан.

- Буга чейин Кыргызстандын мыкты окуучусу болуп аныкталган экенсиз. Бул тууралуу айта кетсеңиз.

- Сынак тууралуу жарыяны Инстаграмдан көрүп катышып калдым. Ал 2020-жылдын май айында “Керемет” холдинг тарабынан уюштурулган. Сынактын жобосуна ылайык, ал жакка мектепте окуп жүргөндө жетишкен ийгиликтерим тууралуу маалымат жөнөткөм. Жыйынтыгында “Кыргызстандын мыкты окуучусу төш белгисине ээ болдум. Бул сынакта 200дөй окуучу ат салышты.

- Жакшы. "Түрк ааламынын эң мыкты студенти-2021" эл аралык сынагына кандайча катышып калдыңыз?

- Бул сынак тууралуу апрель айында угуп, май айында катталдым. Бул Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесине карата уюштурулган экен. Сынактын шарты боюнча дил баян жазууга философия багытында 5 тема берилген. Мен “Түрк дүйнөсүнүн улуу ойчулдары” деген темада жазгам. Андан сырткары, студенттик кезде жетишкен ийгиликтер тууралуу маалымат жөнөтүш керек эле. Жалпысынан сынак 1 тур менен жыйынтыкталды. Сынакка 350 студент катышты. Анын ичинен 80ден ашыгы сыйлыкка татышты. Пандемияга байланыштуу сыйлыктарды бизге почта аркылуу жөнөтүштү.

- Баштан бери ийгилик тууралуу айтып жатасыз? Кандай ийгиликтердин негизинде ийгиликке жетиштиңиз?

- Алардын эң негизгиси мектептеги сабактардын баасы. Мектептер аралык олимпиадаларга катышкам. “Манас таануу” интеллектуалдык сынагына катышып, командам менен облустук деңгээлге чейин чыккам. Кылыч Исамамбетов Феникс китебин окуу боюнча Жумгал райондук сынакта компьютер утуп алгам. Айылдык сынактан телефон утуп алгам. Кыргыз-түрк “Манас” университетинде уюштурулган “Манастын мырзасы” кароосунда 3-орунга жетишкем жана башка иш-чаралардан топтолгон сертификаттар, дипломдор мага ийгилик алып келди десем болот.

- Келечекте дагы кандай пландарыңыз бар?

- Азырынча сабактарымды жакшы окуу. Өзүмдү ар тараптан өнүктүрүү. Эл аралык сынактарга катышуу. Башкаларга үлгү болгум келет.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Сизге мындан ары да албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aza2100
2021-10-10 13:03:45
Куттуктайбыз,
0
Eden-Hazard
2021-10-10 14:29:39
Биз деле алганбыз, неге чыгарбайсынар. Элдияр Ойлоншоу эстечи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан