Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүнүн имаратында чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Сузак айылында жайгашкан көмүрканадан өрт чыгып, айыл өкмөттүн имаратынын 1 кабатына өтүп кеткен. Өрт саат 09:03тө чектөөгө алынып, 12:06да толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.
Буга чейин айыл өкмөттүн имараты өрттөнүп жаткандыгы кабарланган.