Акыркы суткада 67 адам коронавирус илдетинен айыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, стационарда 458 жана амбулатордук түрдө 680 адам дарыланып жатат.
Өлкөдө жалпы 174 миң 86 адам коронавирус илдетинен сакайды.