Ошто көмүр жүктөп бараткан жүк ташуучу унаа көпүрө менен кошо кулап кетти (фото)

Ош облусунун Кара-Суу районунда чоң жүк ташуучу унаа көпүрө менен кошо кулап кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

"Ош-Папан-Кожокелен унаа жолунун 24-чакырымында көмүр жүктөгөн оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн өтүп баратып, көпүрө менен кошо түшүп кеткен. Учурда унаалар айланма жол аркылуу өтүп жатат. Бактыга жараша, унаанын ичиндеги 2 адам аман-эсен калышкан. Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө министрликтен 2 бөлүм башчы тартылды", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Omyke
2021-10-11 19:00:37
Аймаматтын копуросубу деп чоочуп кетипмин))
0
Samash-87
2021-10-11 19:07:00
Нормадан ашыкча жуктоп алса ошондой болот да
+8
KG-312
2021-10-11 19:33:40
Булар өзүда ашыкчасы менен жүктөшөтко, асфальттардан бери эзип салышкан.
+6
didu
2021-10-11 19:34:50
Борттон чыгарбай жуктогулодеп чарчадык.эми копуроонуда ондойсун
+7
Dembele84
2021-10-11 19:56:22
Папан-Оштун главный копуросу ушул эле,эми элге кыйын болду Ноокат,Алай жолдору айланып эки эсе алыс болот
+3
Mirnar
2021-10-11 20:23:15
Копурода чарчап калган экенда.
+4
Antiradikal3
2021-10-11 21:44:23
Хово окшойт, бортуна караганда. Эми ошол айдоочу жаны копуро куруп берсин оз чонтогунон. Бийликте анархия, хаос болсо ушул болот. 30 тонна, 60 тонна жук ташыса да бийлик карабаса, козомолдобосо.

Ушул унаалардын айынан жол да, копуролор да бузулуп талкаланып жатат......
+3
amirrus
2021-10-12 20:42:39
Ач коздонуп коп жуктосо ошону кормок,эми копурону ошол айдоочуга толоткуло
+1
Eduard71
2021-10-13 11:16:36
комурго жалко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан