15 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып... Жалал-Абадда өспүрүм кыз дарыга ууланып каза болду

Жалал-Абадда дарыга ууланган кыз каза болду. Бул туурасында аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан белгилешти.

29-сентябрда Жалал-Абад облустук ооруканасынын дарыгери укук коргоочуларга байланышкан.

"Анда ошол эле күнү саат 11:20 чамасында 2007-жылы туулган кыз белгисиз себептерден дары ичип алып, оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы маалымдалган. Өспүрүм кыз Жалал-Абад шаарынын тургуну болгон. Бейтап кечээ, 13-октябрда көз жумду", - дешет мекемеден.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине уулануу фактысы менен катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chagylgan7
2021-10-15 01:43:06
Суицид
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан