Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 670 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 132 адам каза болсо, 5 миң 809 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 750 (айыккандар 1223);
Санкт-Петербург шаарында - 207 (айыккандар 105);
Москва облусунда - 173 (айыккандар 139)
Ростов облусунда - 167 (айыккандар 107) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 79 миң 519 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 18 миң 917си каза болсо, 890 миң 114ү айыгып чыкты.