Ушул аптада Жогорку Кеңештин жаңы депутаттарына күбөлүк тапшырылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
"Жакынкы күндөрү жаңы депутаттар эл өкүлү катары катталат. Андан кийин күбөлүк тапшырылат. Ушул аптанын ичинде күбөлүк берилет", - деди Бекматов.
БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарып, бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктаган.