Борбордук шайлоо комиссиясы сервер берген жыйынтык менен колго санаган жыйынтыктын ортосунда анча көп айырма чыкпай турганын билдиришти.
"Себеби автоматташтырылган эсептөөчү урна жараксыз деп эсептеген бюллетендерди байкоочулар менен комиссиялар жарактуу деп эсептеген учурлар болот.
Анткени шайлоочулар койгон "галочка" квадраттан чыгып кетсе, автоматташтырылган эсептөөчү урна аны жараксыз деп эсептеп коёт. Аны участкалык комиссия менен байкоочулар макулдашып, жарактуу десе, тийиштүү акт түзүлүп, катышкандар бардыгы кол коюп, ал бюллетендер жарактуу болуп эсептелет.
Кол менен саноо талапкерлердин, партия жана коомдук уюмдардын байкоочуларынын катышуусунда ачык-айкын жүргүзүлөт.
Бизде жашыра турган эч нерсе жок. Ошондуктан бардык нааразы болгон тараптарды кол менен санаганга катышууга чакырып жатабыз. Келиңиздер. Катышыңыздар. Кол менен санап чыгуу үчүн 2-3 күн убакыт кетет. Бизде жашыруун эч нерсе жок. Ал эми БШК бюллетендерди түнү менен алмаштырат деп күмөн санап жаткан саясатчыларга айтарыбыз: бизде жалпысынан республика боюнча 31 миң шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар.
Алардын арасында сиздердин да өкүлдөрүңөр бар да. Анан элестетиңиздер, 31 миң адам менен бюллетендерди көтөрүп алып алмаштырып чуркап жүргөнүбүздү. Бул абсурд. Азыркы убакта кыңыр иш кырк мүнөттө эле билинип калган заман. Бири-бирибизден күмөн санабай эле коёлу. Ар бир берилген добуш, 100 пайыз шайлоочулардын өздөрүнө таандык. Биз аны толук камсыз кылабыз", - деп жазылат маалыматта.