Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытовдун кызматтан кетүү боюнча арызы каралды. Бул боюнча баяндаманы тийиштүү комитеттин төрагасынын орун басары Таабалды Тиллаев жасады.
Депутаттар аны кызматтан бошотуу чечимин кабыл алышты.
Ал парламенттик шайлоого аттанып жатканын билдирген. Токон Мамытов "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен шайлоого катышат.