Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин саны 228ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.
Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт. Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.