Өзүн кыргыздын деми атаган Гүлзат Мамытбек алдамчылык фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББине 7 жаран арыз менен кайрылган. Арызда Гүлзат Мамытбек алардын ишенимине кирүү аркылуу ар кимисинен ар кандай суммадага акча алганы жазылган. Жалпы зыян 110 миң долларды түзгөн. Андан соң шектүү из жашырып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Гүлзат Мамытбек 2020-жылдын февраль айында Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткен.
Ал эми 8-июнь күнү ага алдамчылык фактысына шектелип жатканы боюнча билдирүү жөнөтүлгөн. Ал эми 13-июнда Биринчи Май райондук соту аны 2 айга сырттан камакка алган. 8-августта ага издөө салынган.
25-октябрда Гүлзат Мамытбек Кыргыз өлкөсүнө келгенде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.