Бишкектеги массалык уулануу. Бишкек ШИИББи "Империя пиццы" тамактануучу жайына кылмыш ишин козгоду

Бишкек ШИИББи “Империя пиццы” кафесинин тамагынан массалык түрдө уулануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 280-беренеси ("санитардык-эпидемиологиялык эреже бузуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тергөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, Бишкекте 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү 12 адам жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Жабырлануучулар шаардагы "Империя пиццы" тамактануучу жайынан тамактанганын айтышкан.

28-октябрь күнү саат 09:00гө карата "Империя пиццы" кафесинен тамакка ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 300гө жеткен. Ал эми 29-октябрга карата "Империя пиццы" кафесинен тамакка ууланып ооруканага кайрылгандар катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bishkek-Kg
2021-10-29 17:37:33
Бул кайсы жерде эле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан