Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 3 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Алар:
- Бакыт Бердалиев №12 Өзгөн шайлоо округу;
- Санжар Ибраимов №11 Алай шайлоо округу;
- Максатбек Мамбеткулов №13 Москва шайлоо округу.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.