Борбордук шайлоо комиссиясы "Эл Үмүтү" партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Эл Үмүтү" саясий партиясы көрсөткөн Аслан Магомедовду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды. Чечим анын өзүнүн арызынын негизинде кабыл алынды.
Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген.