Борбор калаадагы "Novotel" мейманканасынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
"Бүгүн, 4-ноябрда Манас көчөсүндө жайгашкан "Novotel" мейманкананын электр калканынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түштү. Өрттү өчүрүүгө саат 15:43тө 1 бөлүм, саат 15:48де дагы 1 бөлүм тартылды. Саат 16:12де өрт чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти ӨКМдан.
Кошумча маалымат берилет.
"Novotel" мейманканасы сентябрь айында гана ачылып, ишин баштаган.