Жалал-Абадда киши уурдоого шектүү жаран колго түшүрүлдү. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, адам уурдоо фактысы 20-сентябрда катталган.
Сузак районунун 60 жаштагы тургуну 20-сентябрда саат 02:00 чамасында милиция бөлүмүнө телефон чалган. Анда 1983-жылы туулган С.Д. аттуу уулун белгисиз адамдар жашыл түстөгү Мерседес үлгүсүндөгү унаага күч колдонуп салып кетишкендигин маалымдаган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 170-берененин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Жогорудагы сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү катары Сузак районунун 1995-жылы туулган М.Б.М. аттуу тургуну кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинде каттоодо турган, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - дешти маалымат кызматынан.