Таласта шайлоо аймактарында бюллетень сактоочу бөлмөлөр текшерилүүдө

Милиция кызматкерлери Талас шаарындагы шайлоо аймактарынын бюллетень сактоочу бөлмөлөрүнүн абалын текшеришти. Бул туурасында Талас ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Ошондой эле өрт коопсуздуктарынын сакталышын, милиция кызматкерлеринин бюллетендерди кайтарууга алган күндөн баштап күнү-түнү кызмат өтөөчү бөлмөлөрдүн жылуулук системаларын жана эшик терезелеринин мыйзам талаптарына дал келе турган шарттарын текшеришип, шайлоо аймактарынын комиссия өкүлдөрүнүн катышуусу менен актыларды түзүштү.

Андан тышкары шайлоо аймактарынын комиссия өкүлдөрү менен сүйлөшүп бюллетендерди кайтарууга алган кызматкерлерге тиешелүү деңгээлде шарттарын камсыз кылуу керектигин эскертишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан