Бишкектеги айланма жолдо жол кырсыгы катталып, 2 адам жеринде жан берди. Дагы 10дон ашуун жаран жабыркап, ооруканага жеткирилди дешет Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыктан.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 7-ноябрда айланма жолдо орун алды. Анда кичи автобус менен Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен жоготуулар болду.