"ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылды. Анда ал электр жарыгы эсептегичтен автоматтык түрдө өчүп калып жатканын айтып, мындай жагдайды жөнгө салуунун айласы барбы деп суроо салды.
"Бишкекте батирлерде электр жарыгы эсептегичтен автоматтык түрдө өзү эле өчүп калууда. Жарым саат сайын өчөт. Беш мүнөттөн кийин өзүбүз күйгүзөбүз. Тиешелүү жерлерге байланышсак, акылдуу эсептегич электр энергиясы көбүрөөк пайдаланганда ошентип өчүрүп турат дейт. Тамак бышыра албай айлабыз кетти. Ушуну жөнгө салуунун айласы барбы? Суукта кыйналып кеттик, жаш балдар бар", - деп кайрылды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.