21-июнда Кеминде 16 жаштагы мектеп окуучусу Ольга Хабарова киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган Б.К. аттуу кошунасы кармалган. Маркумдун апасы Лилия Хабарова SUPER.KG порталына шектүү баштапкы көрсөтмөсүнөн танып жаткандыгын билдирди.
"Шектүү башында берген көрсөтмөлөрүнөн танып жатат. Алгач "Кыздын кийимдерин чече баштаганда кыз катуу кыйкырган. Ошол учурда катуу буюм менен кызды башына эсин жоготкуча чапкам. Кийин эсине келтирип, катуу сабап, аягында муунтуп салгам" деп көрсөтмө берген. Кийин тергөөчүлөрдүн басымынан улам ушундай көрсөтмө бергенин айтып чыкты. Ишке Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги аралашып жатат. Анткени соттук отурум кыргыз тилинде жүрүп жатат. Буга чейин биринчи эле соттук отурум кыргыз тилинде өтүп жатканын айтып чыккам. Жакында төртүнчү отурум болду. Ал кыргыз тилинде өттү. Бизге орусча жакшы сүйлөй албаган котормочу беришти. Ал бизге эч нерсени түшүндүрө албай жатат.
Орусиянын элчилиги жана жактоочум өмүр бою эркиндигинен ажыратууну талап кылып жатат. Анткени ашып кетсе 12 жылга кесилет деп уктум. Биз буга макул эмеспиз. Анткени кызымды мыкаачылык менен өлтүргөн. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таяна турган болсок, оозуна арак куюп, моюнун да сындырган экен. Куландан соо кызымдын өмүрүн кыйратты. Бул өмүр бою менин жүрөгүмдө так болуп калды. Алар сотко пара беришкен окшойт. Сот шектүүнү актоого аракет кылып жатат.
Ушул себептен улам ортого Орусиянын элчилиги аралашып жатат. Мен жадагалса шектүүнүн акыркы көрсөтмөсү кыргыз тилинде болгондуктан түшүнгөн жокмун. 10-ноябрда Кемин райондук сотунда кийинки отурум болот. Мүмкүн болсо журналисттер келишсин", - деди ал.
Окуянын чоо-жайы:
21-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамасында Кемин РИИБине аталган райондун аймагындагы токойлордун биринен кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анын киши колдуу каза болгондугу аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында, бул кылмыш ишине шектелип буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалган.