Эркек киши аялга кол көтөргөн окуя: Ага карата кылмыш иши козголду

Буга чейин интернет желесине аялга кол көтөргөн эркектин видеосу жарыяланган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун Свердлов РИИБинин басма сөз катчысы SUPER.KG порталына билдирди.

"Бул факты Свердлов РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси "ээн баштык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Ошондой эле кол көтөргөн киши аялдын жолдошу экени аныкталды. Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Толук маалымат кийинчерээк берилет", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ala.too.456
2021-11-09 14:30:56
Эркек киши сабады -дебей эле койгулачы. Чыныгы эркек киши эч качан аялга кол которбойт. Буну силер "бир манкурт аялды сабады" -десенер биз озубуз туурасын тушунуп алат белэээк...
Байкуш аял, кантип чыдап жашап журот экен.
Бул аял маанайы жок тан атырып, маанайы жок кун батырат окшойт.
+8
Baha.Kyrgyzstan
2021-11-09 15:32:08
Ушундай акмактарды тергөөсү жок эле камай турган кылсаго.Уруш жаңжал болот казан аяк кагышат но ушунчалыка барып көчөдө кордогон акмактарга катуу жаза бериш керек
+6
BISHKEK-312
2021-11-09 16:05:06
Түркияда аялдар күйөөсүнүн үстүнөн мелийсага арзы жазса, далилсиз, фактсыз, тергөөсүз эле 5 жылга камайт!!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан