Токтогулда 25 жаштагы келин асынып каза болду. Маркум өлүм катын калтырып кеткен

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 25 жаштагы келин өз өмүрүнө кол салып, асынып алды. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашып, маркум өлүм катын жазып кеткенин билдиришти.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, 2-ноябрда саат 16:00 чамасында 1997-жылы туулган С.С. аттуу келиндин жансыз денеси өзү жашаган үйдүн короосунда жайгашкан мал сарайдын ичинде жипке асынган абалда табылган.

"Жансыз денеге сыртынан кароо жүргүзүлүп, криминалдык жаракаттар жана белгилер жок экендиги аныкталган. Ошондой эле окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө маркумдун жолдошу 1991-жылы туулган А.З`га таандык болгон уюлдук телефон алынган. Анда WhatsApp мессенжери аркылуу жазышуулар текшерилип, келиндин өлүмүнүн алдында дептердин барагына жазылган каты жөнөтүлгөнү такталган. Келин ушул кадамга барышына жолдошун жана Н. аттуу жеңесин себепкер деп, алар аны кемсинтип келишкенин катында жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 136-берененин 1-бөлүмү ("өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Өзүн-өзүн өлтүрүүгө эмне себеп болгондугун аныктоо максатында тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча мыйзам чегинде тергөө амалдары жүрүп жатат", - дешти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
KG-312
2021-11-10 13:53:05
Блин азыркы эркектер чыныгы эркектик сапаттарыбызды жоготуп баратканыбызды мойунга алуубуз керек. Ажырашуулар аябай көп, бул ажырашууда 90% эркектер күнөөлүү!!!
+14
Gulina00
2021-11-10 14:34:15
Кемсинтсе эшек такалап алабы бироонун айдай кызын жеп тынвптыр,бирок озун-озу олтуруу чон куноо.
+7
Nuran-1982
2021-11-10 14:56:51
Не кемсинтселе олуп алыш керекпи. Кетип кал жакпаса, Аллахтан сура бактылуулук насип кылсын деп. Айдын 15 карангы болсо 15 жарык дейт. Бул келин эки дуйно тозоку болуптурда. Кудайым озун сакта ар кандай азгырыктардан.
+5
JaneEr
2021-11-10 15:27:52
Nuran-1982,айтып коюш оной,ошончолукка жеткириптирда(((
+3
Nuran-1982
2021-11-10 15:53:09
JaneEr,Эмне ошончолука жеткирселе олуп кутулуш керекпи. Ажыраш козун жетпейби бактылуу болушка.
+5
Sajakat14
2021-11-10 19:32:25
Nuran-1982,ажырашкан эле оңойбу? Кыргыздарда кыздардын ата энелеринин көбү кайра кабыл албайт кыз өзү ажырашса! Баары кызга асылышат ажырашып кетти деп. Кыз ошондо каякка барып жашаш керек эле?
-4
JaneEr
2021-11-10 15:28:27
Азыркы эркектерден олуп же ажырашып кутуласын(((
+3
Sajakat14
2021-11-10 19:35:47
JaneEr,обьюзер болсо керек да. Элге жакшы жагын көрсөтүп, аялына келгенде четинен тирүүлөй сөз менен кесип жеген. Өлүмгө чейин жөн барбайтда.Обьюзерлер өзүң сүйөт. Өзүнүн самооценкасын көтөрүү үчүн жарын тебелеп тепсеп турушат. Алар өз самооценкасын көтөрүүнүн башка жолдорун колдонушпайт.
0
daniel87
2021-11-10 16:39:10
Олгондун озунун шору ,урматуу ата -Энелер , бир туугандар , мекендештерим , бири бирибизди жакшы королу , сыйлайлы, барктайлы, жардам кылалы, омур бир келет , жашоодо кандай кырдаал болсо да озун озун олтуруу акмакчылык, негизи биз илгерки строетиптерден кутулмайын , жашоодо кыйын болот , турмуш болбодубу?кийинкисинде созсуз болот, олбогуло , тируулукту суйгуло , олгондон коро ажырашып , озунорду устунордон иштегиле , онуккуло , оскуло.
+10
Nursul
2021-11-19 19:21:58
Бечара татынакай келин эле, ай эркектер эркекче болбой баратабыз. Алган аялы 97 жылкы н,дегени 80 жылкы келин, келесо татынакай кыздын өлүмүнө себепкер болду. Көңүлү жок болсо эмне алат анда ошол н,деген жеңесин эле алып албайт беле акмак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан