Депутат: "Автоунаалардын жаман газды бөлүп чыгарган түрлөрүнөн арылуу ыкчам чечимдерди талап кылып турат"

Автоунаалардын жаман газды бөлүп чыгарган түрлөрүнөн арылуу ыкчам чечимдерди талап кылып турат. Бул тууралуу Чыңгыз Макешов Жогорку Кеңештин жыйынында маселе көтөрүп, "Парламент" радиосуна маек куруп жатып билдирди.

"Бишкектеги абанын булганыч көрсөткүчү 349 баллга жетиптир. Бул чукул чара көрүп, кырдаалды тез арада колго алууга милдеттендирүүдө. Көмүрдүн сапаттуусун колдонууга мезгил жетти. Андан тышкары, автоунаалардын жаман газды бөлүп чыгарган түрлөрүнөн арылуу ыкчам чечимдерди талап кылып турат. 300 баллдан тартып абанын булгануу индекси кооптуулугу күч “кызыл аймак” катары таанылат. Баарынан кымбат ден соолук маселесинде келечек муундун тагдырын, улуттун саламаттыгын барктоого кайдыгерлик кылбашыбыз керек. Эски унааларды колдонуудан качып, ал гана эмес пайдалануудагы унаалардын катализатор тетигин тетири максатта колдонууга жол берилбеши керек”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан