Бишкек ШИИББи жарандарды кыш мезгилинде от жагууда этият болуп, коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет

Бишкек ШИИББи жарандарды кыш мезгилинде от жагууда этият болуп, коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет.

Мешти туура эмес колдонуу өрткө гана эмес, жакындарыңыздын өлүмүнө да алып келиши мүмкүн. Күйүүнүн кандай гана түрү болбосун көмүртек кычкылы пайда болуп, иш жүзүндө жытсыз жана түссүз болгондуктан аны көрүнбөй турганын унутпаңыз.

Көмүр кычкыл газынын биринчи белгиси – адамдын башы ооруп, муунуп баштайт. Жогорку концентрацияда эсин жоготот.

Эсиңизде болсун, көмүртек кычкыл газы менен ууланып калбоо үчүн мештин ылдыйкы көзүн мөөнөтүнөн мурда жабууга болбойт, башкача айтканда, көмүр толугу менен күйгөнгө чейин. Ошол эле учурда уктаардан эки саат мурун мешти жагуу керек. Ошондой эле бир катар белгилүү жана жөнөкөй эрежелерди эстеп алууну сунуштайбыз:

- Катуу аязда мешти күнүнө эки-үч жолу бир жарым сааттан ашык эмес жылытуу сунушталат.

- Меште эч кандай жаракалар жана жыртыктар болбошу керек.

- Жылытуу мезгилинде 2 айда бир жолу морду көөдөн тазалоо керек;

- Оңой күйүүчү суюктуктарды от жагуу үчүн колдонбоңуз;

- Жагылып жаткан мешти жана анын эшиктерин кароосуз ачык калтырбаңыз. Бул өрттүн пайда болушуна түз жол;

- Кийим-кече, эмерек, жыгач жана башка күйүүчү материалдарды мештен бир жарым метрден кем эмес алыстыкта кармоо зарыл;

- Күлдү жана күйгөн көмүрдү имараттардан 15 метрден жакын жерге калтырбаңыз;

- Мешти кароосуз калтырбаңыз жана балдарга өз алдынча от жагууга жол бербеңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан