Калаа бийлиги Бишкекте көмүрдүн запасы жетиштүү экенин айтты

Бишкекте күз-кыш мезгилинде көмүрдүн чекене соодасындагы баанын өсүшүнө жол бербөө максатында сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Мэриядан кабарлашкандай, көмүрдүн запасы жетиштүү.

"Бул жолу Биринчи май жана Свердлов райондорунун базалары текшерилди. Анда Щербакова көчөсү 121, Кызыл-Кыя көчөсү 170, Махатма Ганди 201 (Азиз базары), Ак-Босого конушундагы Месарош көчөсү, ошондой эле айланма жолдогу көмүр саткан жайлар текшерүүдөн өттү", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

Эске салсак, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Ошондой эле Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев көмүрдүн баасын себепсиз көтөргөндөргө чара көрүлөрүн айткан. Бишкек шаарында көмүрдүн тоннасы 4500 сомдон ашпашы керек.

Белгилеп өтсөк, буга чейин "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурмандар көмүр коюлган баадан кымбат сатылып жатканын айтып келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан