Чүй облусунун Кемин районунда 50дөн ашык жылкы жоголду. Мал ээси сүйүнчүгө 200 миң сом койгону социалдык тармактарга жарыяланды. Бул факты боюнча учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 22-октябрда 47 жаштагы Кемин районунун тургуну милиция кызматкерлерине кайрылган. Анда Боролдой айылындагы Коңур жайлоосунан белгисиз себептерден улам 17 баш жылкы жоголуп кеткенин билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене ("уурдоо") боюнча катталган.
Териштирүү учурунда Боролдой айылындагы сарайлардын биринде малчы болуп иштеген Т.Н. 10-октябрь күнү болжол менен саат 11:30 чамасында жайлоодо жайылган 17 баш жылкы жок экенин билип, мал ээсине кабарлаган.
Ал эми 2-ноябрда Кемин РИИБине Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, Боролдой айылында жайгашкан Кара-Баткак жайлоосунан 22 баш жылкы, 15 баш кулуну жоголгонун билдирген. Бул факты дагы "уурулук" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.
"Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, арыз ээси суралып, ал 70 баштан ашык малы бар экенин айтып, анын жарымы Боролдой айылындагы сарайда, ал эми калганы Кичи-Кемин айылында малчылар тарабынан караларын билдирген. 1-ноябрда ага малчысы телефон чалып, 22 баш жылкы жана 15 баш кулуну жоголгонун билдирген.
Учурда малды издөө боюнча зарыл болгон ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө. Чүй облусунун шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнө билдирүү жөнөтүлүп, Нарын облусунун Кочкор районундагы жана Чүй облусунун Токмок шаарындагы мал базарларда издөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.