"Бергенин ала бергиле", "Акаев, Бакиевдин убагындагыдай бурмалоого жол берилбейт", "Добуш саткан жарандар дагы жоопко тартылат". Президенттердин шайлоолор алдында айткан сөздөрү

Парламенттик шайлоого саналуу күндөр калды. Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык жаралгандан кийин бийлик алмашкан учурлар болуп келген. Бул жолу президент Садыр Жапаров дүйнө эли таң кала тургандай таза шайлоо өткөрөлү деген пикирин айтты. Ар бир бийлик тушунда шайлоону таза, ачык өткөрүү убадаланып келет. Мындан улам буга чейинки президенттердин жана азыркы мамлекет башчынын шайлоо алдында айткан сөздөрүн сунуштайбыз.

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаевдин 2000-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында эл менен жолугушууда “бергенин ала бергиле да, көңүлүңөр жакканга добушуңарды бере бергиле” деген сөзү талкууга алынып, азыркыга чейин айтылып, сындалып келет. Муну паракорлорду колдоо деп сындагандар бар.

Ал эми мурдагы президент Курманбек Бакиев болсо 2010-жылы президенттик шайлоолордун ачык жана айкын өтүшү үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлгөнүн айткан. "Эгер башаламандык уюштурууга аракет жасала турган болсо, аларга мыйзам чегинде бөгөт коюлат, биз өлкөдөгү стабилдүүлүктүн бузулушуна жол бербейбиз", - деген ал.

Экс-президент Роза Отунбаева 2010-жылы бул шайлоо тагдыр чечүүчү мааниге ээ экенин айтып, парламенттик республикага өтүп тарыхтын жаңы барагы ачыла турганын билдирген. "Бардык шайлоо тилкелеринде миңдеген байкоочулар катышып, чогуу иш алып барышат. Шайлоо ачык-айкын өтөт. Акаев, Бакиевдин убагындагыдай бурмалоого жол берилбейт. Бардыгы көз алдыңыздарда өтөт", - деген Отунбаева.

Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бийликтегилер шайлоо процессине кийлигишпей тургандыгын, административдик ресурстарды пайдалануу фактылары жана башка ар кандай мыйзам бузуулар катуу жазаланарын белгилеген. “Күч түзүмдөрү тигил тараптан да, бул тараптан да мыйзам бузууларга чечкиндүүлүк менен чараларды көрөт деп эскертип кетейин”, - деген Алмазбек Атамбаев.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков былтыркы парламенттик шайлоодо жарандарды добуш сатпоого чакырган. "Добуш сатуу деген бул эмне? Бул балдардын келечегине, мамлекеттин келечегине, өз келечегине балта чабуу менен барабар. Ал эми бул парламент 5 жыл иштейт. Бул биздин мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң таасири бар да. Негизги чечимдин баары, мыйзамдар ошол жерде кабыл алынат. Бул мамлекеттин келечегинин өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет. Ошон үчүн жалпы мекендештеримди добуштарын сатпоого чакырат элем", - деген Жээнбеков.

Быйыл болсо президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоодо добуш сатып алгандар дагы, добуш саткан жарандар дагы жоопко тартыла турганын эскертти. "Бир жарым жылдан эки жарым жылга чейин соттолуп кетесиңер. Жазык кодексинде ушундай берене бар. Ошондуктан шайлоочулар добушуңарды сатпагыла, талапкерлер сатып албагыла. Эгер ушундай көрүнүштөр боло турган болсо, укук коргоо органдары катуу чара көргүлө! Мындан ары өлкөдө таза шайлоо салтын орнотобуз. Буга чейинки шайлоолор тарых болуп кала берсин", - деп кайрылды Садыр Жапаров.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан