Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүштү. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, дагы 6 киши жаракаттарды алышты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунда УАЗ оор жүк ташуучу унаасы менен Тойота Ипсум жеңил автоунаасы сүзүштү.
"Авто кырсыктын кесепетинен оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккан. Өрт саат 17:40та чектөөгө алынып, саат 17:55те толук өчүрүлдү.
Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болуп, 6 адам жабыркады. Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти", - дешти мекемеден.