Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин кезектеги жыйыны өттү

Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда аталган кеңештин 2017-2021-жылдардагы аткарган ишмердүүлүгү талкууга алынып, тиешелүү баяндама жасалды.

Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын эксперти Бактияр Бакас уулу белгилегендей, бизнес-коомчулугу менен парламенттин ортосундагы алакаларды жана байланыштарды күчтөндүрүү максатында түзүлгөн кеӊештин башкы милдети бизнес чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүү, инвестициялык абалды жакшыртуу жана ишкерчиликти колдоого алуу. Андыктан аталган Кеӊеш ишкерлердин ишин көзөмөлгө алып, мониторинг жүргүзүү менен бизнес чөйрөсүнө тиешелүү ченемдик укук актыларын талдоо аркылуу өз сунуштамаларын берүүчү аянт катары кызмат кылып келет.

Мындан тышкары жыйын алкагында Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин ишин өнүктүрүүгө салым кошкон Өкмөттүн, бейөкмөт уюмдардын жана бизнес коомчулуктун бир катар өкүлдөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Кошумчалай кетсек, кеӊештин курамына Жогорку Кеӊештин депутаттары, экономикалык сектордо иш алып барган кичи, орто жана ири бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан