Буга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №31 абактын кызматкери Акжол Раимбердиев коомчулукка видео кайрылуу жасап, аны жетекчиси Таалай Асанбаев мыйзамсыз иштен кетүүсүн талап кылып, кысым көрсөтүп жатканын билдирген.
Бүгүн, 22-ноябрда Акжол Раимбердиев SUPER.KG порталына кайрылып, төмөнкүлөрдү билдирди.
"16-ноябрда эки жумадан кийин менин иштен кетишим тууралуу буйрук чыккан. Бир сутка иштеп, экинчи суткага 21-ноябрда ишке барсам киргизбей коюшту. Буга чейин бир нече жолу президентке кайрылдым. Бирок эч кандай чара көрүлгөн жок. Мени мекеменин ичиндеги коррупциялык иштерди айтып чыкканым үчүн иштен алышты. Көрсө, айтып чыкпашым керек болчу экен. Азыр коррупциялык иштерди айтпай эле койсом болмок экен деп калдым. Анткени азыр иштеп жүрө бермек экенмин. Мындай иштерди жаап-жашыргандар иштейт экен. Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөшөбүз дегенинен ишенгем. Анын коррупцияны жеңебиз дегени жөн эле сөз экен. Бүгүнкү күндө элиме кайрылып жатам. Жазаларды аткаруу кызматында коррупциялык иштер гүлдөп кетти. Адилеттүүлүк жок экен. Кыскасы, коррупциялык иштерди байкап калсаңар көрмөксөн болуп койгула. Антпесе мага окшоп жумуштан кетип каласыңар", - деди ал.