Болгарияда 45 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Каза болгондордун 12си жаш балдар. Бул тууралуу "РИА Новости" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кырсык түнкү саат 03:00 чамасында София-Благоевград трассасынын 31-чакырымында болгон. Автобустун ичинде 52 жүргүнчү бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен автобус күйүп кеткен. Автобустун айдоочусу да кырсык болгон жерден жан берген. Жүргүнчүлөрдүн ичинен 7 адам тирүү калган (2 аял, 5 эркек киши). Жабырлануучулар оор абалда ооруканага жеткирилген.