Адамды өлүмгө түртүүгө түрткү болгон жагдайлар кайсы? Бул көйгөйдү кантип токтото алабыз? Психологдордон кеңеш

Акыркы учурда өлкөдө суицидге барууга аракет кылган адамдар көп болууда. Өкүнүчтүүсү мунун кесепетинен он гүлүнүн бир гүлү ачыла эле кырчындай өмүрлөр кыйылып жатат. Албетте, бул коомдун чоң көйгөйү. Адам өзүн өлүмгө башын байлоого учурда эмнелер себеп болууда? Канткенде бул көйгөйдү токтото алабыз?

Адамдын өз өмүрүнө кол салуусу тууралуу суроолорубузга психологдор Сүйүн Калчаев жана Жакшылык Жыргалбеков жооп беришти.

- Азыркы учурда коомчулукта суицидге барууга аракет кылгандар көп болуп жатат. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуздар?

Жакшылык Жыргалбеков: - Чындыгында акыркы учурда коомчулукта суицидге барууга аракет кылгандар көп болгону байкалууда. Дүйнөлүк статистиканын карап көрсөк, 2017-жылы Кыргыз өлкөсү 100 миң адамга 8-9 адам өз өмүрүн кыюуга барат деп эсептелген. Бирдей себептер жок. Бирок адистер социалдык-экономикалык себептерди биринчи орунга коёт. Бул жалгыздык, жумушсуздук, ажырашып кеткен үй-бүлөлөр. Жалпы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн негизинде себептер суицидге түртүшү мүмкүн. Андан тышкары суицидге баргандардын жарымы 15 жаштан 45 жашка чейин адамдар. Эмгекке жарамдуу жарандар өз өмүрүнө кол салганы өтө өкүнүчтүү.

Суицидге барган адамдардын мотиви болот. Ал адамдар келечегин көрө албайт. Жашоо мазмунун дагы жоготот, максаттары жок болот. Андан ары жашаганга өзүн татыктуу деп эсептебейт. Өзү-өзү коргоо дагы мотивдери болушу мүмкүн. Уялат же абалдан чыгуунун башка жолун көрбөй калышат.

Сүйүн Калчаев: - Биринчиден, мунун себеби ар бир үй-бүлөдө бала тарбияланып жатканда 7 жашка чейин 90 пайыз маалыматты кабыл алат. Мындайча айтканда, баланын акылы, ой жүргүртүүсү, баланын кыймыл-аракети, жашоого болгон көз карашы көпчүлүгү 7 жашка чейин калыптанат. Бул психология илиминде далилденген.

Экинчиси ушул убакытта балага моралдык баалуулуктар бар да. Аларга таалим-тарбия бере ала тургандай адебине, ыйманына азык болуп, руханий потенциалынын жогорулашына пайда бере турган жомоктор менен чоңойбогондун негизинде суицидге барып жатат.

Үчүнчү себеби, ата-эне бул дүйнөгө баланы алып келген соң ар бир бала үчүн жоопкерчилик алышы керек. Баласы менен өз алдынча иштегенге аракет кылышы зарыл.

Төртүнчүдөн ар бир жаш куракка тиешелүү муктаждыктар бар. Мисалы, төрөлгөндөн бир жашка, 6 жаштан 7 жашка чейин. Ошол муктаждыктар туура эмес нукка бурулуп калган, тагыраагы ал муктаждыктар өз убагында толбой калган.

Ошондой эле социалдык тармактар себеп болушу мүмкүн. Ата-эне ар дайым эле баласын интернетте эмнелерди көрүп, окуп жатканын көзөмөлдөй албайт да. Бул дагы суицидге баруунун жолуна айланып калышы ыктымал.

- Борбор калаада курулушу бүтпөгөн көп кабаттуу үйдөн секирип каза болгон жигиттин өлүмү көпчүлүктү капа кылып, нааразычылыгын дагы жараткан. Эсиңиздерде болсо, ал жигитти сактап калуу үчүн тийиштүү кызматтар 4 саат аракет кылышкан. Бирок жыйынтык ойдогудай болгон жок. Бул окуядан соң суицидге барып жаткан адамга алгач кандай жардам көрсөтүү зарыл деген суроо жаралбай койбойт...

Жакшылык Жыргалбеков: Эгерде суициддик аракет болуп жатса бул жакта профессионалдык жардам керек. Бул психотерапевт же психолог тарабынан жардам берилет. Психолог ал адам менен эмоционалдык байланышка барат. Ал өзүнүн келечеги жөнүндө сүйлөшүү аркылуу суициддик ойлор менен иштейт. Психолог ойлорду төмөндөтүп, баары чечиле турчу маселелер экенин айтып берет. Анын өзүнө болгон ишенимин көтөргөнгө аракет кылат. Бул экстремалдуу жардам деп эсептелинет. Андан кийин көйгөй эмнеден келип чыкканы аныкталат. Сүйлөшүү, консультация, терапия аркылуу профессионалдуу жардам берилет.

Сүйүн Калчаев: - Адамда 4 мутаждык бар. Интеллектуалдык, руханий, психологиялык жана физикалык муктаждык. Ата-энелер балдарына кымбат кийим алып берип, түрлүү тамактарды бери жатып алгач балдарынын руханий, интеллектуалдык муктаждыктарын толтуруусу зарыл.

- Суицидди кантип токтобуз? Бул көйгөйдөн кутулуунун кандай жолдору бар?

Жакшылык Жыргалбеков: Суцидди бардык оорулар сыяктуу эле алдын ала белгилерин аныктап, адамга жардам берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү керек. Бул жерде ал адам (ред.: суицидге барууга аракет кылган адам) менен байланышта болгондор байкашы мүмкүн. Анда тынчсыздануу, депрессия белгилери болушу ыктымал. Мында эң акыркы кадам суицидге алып барат. Ага чейин ал адамдын жүрүм-туруму өзгөрүлө баштайт. Бул жашоого болгон пикиринен дагы билсе болот. Эгер адам өзгөрүп бара жатса сүйлөгөн сөздөрүнө дагы көңүл буруп, аны менен сүйлөшүп же адистерге кайрылуу керек.

Суицидди токтотуш үчүн комплекстүү иш-чараларды аткарышыбыз керек. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул боюнча өзүнүн сунуштарын берген. Мамлекеттик деңгээлде суицидди алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү керек. Андан сырткары бир нече тармак (билим берүү, саламаттыкты сактоо) биригип иштегенде гана суицидди токтото алабыз деп ойлойм.

Сүйүн Калчаев: Ар бир адам өзүнө жоопкерчилик алганды үйрөнүшү керек. Ошол учурда жогоруда айтылган 4 муктаждыкты толтуруу керек. Аларды чечпесе маселе көбөйө берет.

- Адам психологиялык жактан туруктуу болушу үчүн, тагыраак айтканда көйгөй жаралган учурда дароо жашоодон баш тартпоо үчүн эмнелерди кылуу керек?

Жакшылык Жыргалбеков: Психологиялык туруктуулукта ар бир адамдын деңгээли болот. Ар бир адамдын өзүнүн абалына жараша стресске каршылык бере албаган учурлар болушу мүмкүн. Ошол стресске каршылыкты көрсөтүү үчүн адам жалпы өзүнүн ой пикирин, идеялары ошол абалга туура келеби ойлоо зарыл. Психологиялык абалын жакшыртуу үчүн адистерге, тагыраагы психологдорго кайрылуу абзел. Өзүнүн психологиялык абалын билүү үчүн адистерге кайрылуудан уялбоо керек.

Сүйүн Калчаев: - Адамды буза турчу 3 нерсе бар.

  • Боштук
  • илимсиздик
  • жалкоолук

Ушул 3 нерсе адамды бузат. Ошондуктан балдарды бош койбогонго аракет кылышы керек. Руханий дүйнөнү байытуу зарыл.

- Пайдалуу маалыматтар үчүн ыраазычылык билдиребиз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан