Бишкек шаарында 11 жаштагы Никита Касымов 13 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, изделип жаткан өспүрүм 10-ноябрда саат 10:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы Репин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Учурда дайынсыз жоголгон жашы жете элек баланын кайда экени белгисиз.
Белгилери: бою болжол менен 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көзү күрөң, мурду түз.
Кийген кийимдери: кара шым, жашыл куртка, резина гөлөч.
Өзгөчө белгилери: мурунунда меңи, бетинде сепкили бар.
Ленин райондук милициясы Никита Касымовдун көргөндөрдү же ал жөнүндө маалыматы барлардан төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632,
0(553) 102-465,0(500) 032-000, 0(703) 401-600, 0(551)102-326, 0(553)102-880, 0(558) 560-760 жана 102.